Активисттер базардын соода точкаларында сатылган колбасаларды текшеришти

Ош базарындагы соода точкаларында сатылып алынган колбасалар жана сосискалардын сакталуу мөөнөтүнө байланышкан окуя кайрадан уланды. Жарандык активисттер, "Жарандар жана жарандар бирикмесинин бүткүл дүйнөлүк лигасы" КУдун жетекчиси Болотбек Батилов, "Элет көйгөйү" КУдун башчысы Марипа Алыйкулова менен биргеликте жергиликтүү компаниялар жасап чыгарган колбасаларды саткан соода түйүндөрүн текшерип чыгышты.

Эске салсак, мурда жарандык активистка Марипа Алыйкулова Ош базарындагы "Берекет универсал" дүкөнүнөн колбаса жана сосиска сатып алганында, колбасанын сактоо мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган. Сосискалардын мөөнөтү сакталганы менен, кичинекей бала аны жегенден кийин, өзүн жаман сезип, кусуп жана ичи өтө баштаган. Мындай социалдык көйгөйдү коомчулукка жеткирүү максатында активистка VB.KG редакциясына кайрылып, видео кайрылуу жасап, соцтармактарга жарыялаган. Ал сатып алып жатканында, базарда электр жарыгы жок болгондугуна жана күн ысык болуп жаткандыгына байланыштуу тамак-азыктары тез бузулуп кетиши мүмкүн болгондугун белгилеген.

Өз кезегинде "Риха" компаниясы да Ош базарында фирмалык дүкөндөрү жок экендигин билдирген.

Ошондой болгону менен "Берекет универсал" дүкөнүнүн жанындагы базарда жогоруда аталган компания жасап чыгарган азыктарды сатуучу эки соода точкасы бар экендигин да белгилеп өтүү керек.

Бул соода точкаларына барып көргөндөн кийин, активисттер Башкы прокуратурага, Бишкек шаарынын мэриясына жана "Риха" ЖЧКсынын жетекчисине бир нече суроо-талаптар менен кайрылуу жазган.

Активисттер компаниянын жетекчилигинен компанияда сактоо мөөнөтү өтүп кеткен товарларды үчүнчү бир жактар соода жасоо үчүн алып жаткандыгы боюнча ички текшерүү жүргүзүүнү талап кылышууда.

-Тамак-азыктарынын, калктын ден соолугунун коосуздугун жана компаниянын өзүнүн аброюн сактоо максатында биз, коомчулук, "Риха" ЖЧКсынан бул дүкөндөр силердин соода точкаңар эместигин жана силердин товарлар бул жайларда сатылбагандыгы боюнча расмий түрдө төгүнгө чыгарууну талап кылабыз. Мындай шартты аткарбаган учурда, биз, Кыргыз Республикасынын жарандары, сиздердин компанияны сотко берүү боюнча көп миңдеген өтүнүчтөр менен сотко кайрылууга аргасыз болобуз жана сиздердин азыктарды Кыргызстандын аймагында сатууга тыйуу салуу боюнча флешмоб уюштурабыз, - деп жазылат билдирүүдө.

Коомдук ишмерлер Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Борборунун башкы врачы жогоруда аталган базарда антисаниятарялык эрежелердин одоно бузулуусун жойуу боюнча иш чараларды өткөрүүсүн талап кылат. Ошондой эле бул маселеге Бишкек мэри Азиз Суракматовдун көңүл буруусун суранышат.

Акыркы айлардагы Ош базарында болуп жаткан укуктук баш аламандыкты жана муниципалитет менен укук коргоо органдарынын көңүл бурбай жаткандыгын байкап отуруп, биз, Бишкек шаарынын жашоочулары, Бишкек шаарынын мэриясынан ушул сектор боюнча жооп берген кызматкерлерди өздөрүнүн милдеттерин так аткаруусуна өзгөчө көзөмөл жүргүзүүсүн талап кылабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД