Чек арачылар тарабынан 24 тонна контрабандалык бензин кармалды

"Ак-Тилек автодорожный" көзөмөлдөп өткөрүүчү пунктунда чек арачылар тарабынан мыйзамсыз түрдө тартылып келе жаткан 24 тонна өлчөмүндө КММ кармалды. Бул жөнүндө Чек ара амлекеттик кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылы 29-июнда "Ак-Тилек автодорожный" көзөмөлдөп өткөрүүчү пунктуна "Volvo" үлгүсүндөгү автоунаа келип токтогон. Аны текшерүү учурунда цистернадан бензиндин жытына окшогон 24 тонна КММ табылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин Кыргызстандын жараны 1986-ж. туулган Д.Г. кармалып, жүк менен бирге кийинки териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн ыкчам тпоко өткөрүлүп берилди, - деп чек ара кызматынан билдиришти


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД