Ооруканада жаткан балдарга жана апасына карата милицияга арыз жазылды

Аткаминердин баласынын туугандары 9 жана 10 жаштагы бир тууган балдарга карата миицияга арыз жазышты. Аларды өзү теңдеш баланы уруп салышкандыгы жана алардын апасы скалка менен коркуткандыгы үчүн күнөөлөшүүдө. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына кичинекей балдарды сабаган 24 жаштагы жигит билдиргенге жетишти.

Эске салсак, VB.KG редакциясы мурда балдар аянтчасында эки кичинекей баланы кошунасы аткаминердин чоң баласы катуу сабап салгандыгы жөнүндөгү окуяны балдардын апасынын айтып бергени боюнча жарыялаган.

24 жаштагы жигит VB.KG редакциясына байланышка чыгып, өзүнүн версиясын айтып берди. Бирок, чынында ал өз ысмын атагандан караманча баш тартты.

Анын айтымында, ал урушуп жаткан балдарды элдештирүүгө аракет жасаган, анын тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылганынан кийин, тиги балдардын ооруканага жатып калгандыгы өзү үчүн – табышмак.

-Мен балдардын чатагы кантип башталганын билбейм, бирок, мен келген учурда Ыймандын мурдунан кан агып, көзү көгөрүп, кийими булганып калганын көрдүм, ошондой болсо да менин инимди уруп калганга аракет кылып жатты, - дейт жигит.

9 жашар Ыйман алган жаракатына карабай, өзү менен тең баланы гана эмес, аткаминердин чоң баласын урганга да аракет кылган.

-Ал мага жаман сөздөрдү айтып, сөгүнүп жатты, - деп даттанды жигит.

Ал эми экинчи бала, Акылды аткаминердин баласы кулакка чапканын өзү тастыктады.

-Мен аны чапканым жок. Эгер чынында эле чапсам, ага эле эмес чоң кишиге да жаман болмок. Мен аны түртүп жибердим, Акыл андан кийин деле угуп жана мени менен сүйлөшүп аткан, - деп тактады жигит.

Бишкек шаарынын ИИББ VB.KG редакциясына билдиргендей, жигит 29-июнда кармалган, сот кийинки күнү аны 10 күндүк камакка алуу баш чарасын көрдү. Ал бул күндөрү № 1 убактылуу кармоочу жайда өткөрөт.

-Бул иш Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде (Ээн баштык) беренеси боюнча катталды, - деп Бишкек шаарынын ИИББ түшүндүрүштү.

Кармалган жигиттин ата-энеси балдарга жана алардын апасына карата милицияга арыз жазгандыгы чын же жалган экендигин учурда Бишкек шаарынын ИИББ текшерип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД