Кыргызстанда Россиядан келүүчү мугалимдерди күтүшүүдө

Россиянын агартуу министрлиги өзүнүн сайтында 2019-2020-жылдары Кыргызстандын жана Тажикстандын мектептеринде мугалим болуп иштөөнү каалаган мугалимдердин арызын кароо башталгандыгын билдирди.

Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги VB.KG редакциясынын кабарчысына Россиядан келе турган мугалимдерди кабыл алууга даяр экедигин тастыктады.

-Бизге орус мектептеринде сабак берүүчү мугалимдер керек. Жалпысынан алганда мындай программа мамлекеттер аралык кызматташууну колдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн түзүлгөн, - деп министрликтин басма сөз катчысы билдирди.

Россиянын агартуу министрлиги билдиргендей, орус тили жана адабияты, физика, математика, химия, биология, маалыматтык технология, башталгыч класс мугалимдери боюнча кабыл алуу жүрүүдө. Мында мектепте иштеген беш жылдык педагогикалык стажысын талап кылуу шарты коюлган. Акыркы үч жылда педагогикалык иш боюнча аттестациядан өткөндөргө артыкчылык берилмекчи.

Мындай программа Тажикстанда 2017-жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келүүдө, ал эми Кыргызстан үчүн биринчи жолу киргизилип жатат. Билим берүү министрлиги тарабынан мугалимдерге айлык маянасы, турак-жай жана медициналык камсыздоо, ошондой эле жумуш ордуна чейин жана кайра кайтып келүү үчүн транспорттук чыгымдар менен камсыз кылуу кепилдиги берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД