А. Атамбаев: Саясатка жаңы муундар келиши керек

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кезектеги билдирүү жасады. Бул жөнүндө КСДП басма сөз кызматы билдирди.

-Эми мени кайрадан жогорку кызматты каалап турганым жөнүнүдө айта башташты. Мага мунун кереги жок. Мен президент болгом, дагы кандай кызматтар керек? Бүгүн Кыргызстан экономиканы жана мамлекетти башкарууда жаңы кадамдарды жасоого муктаж. Башка лидерлер жасасын муну. Карагылачы Жээнбеков бир нерселерди жасаганга аракет кылгансыйт, бирок, анын колунан эч нерсе келбей жатпайбы. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн башкача ой жүгүртүү кекек, - деп билдирди Атамбаев.

-Мен күчүмдүн көбүн коомубуздун туруктуулугун сактоого жана өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна салууга жумшадым. Азыр биздин убагыбыздагы саясатчылардын көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрү жок калды. Алардын кимдир-бирөөлөрү өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеди, айрымдары жолтоолук кылып, өлкөнү артка тартышты. Кимдир-бирөөлөрү бүгүн да артка тартууда. Менин жаңы лидерлерге жардам берейин деген оюм бар. Саясатта жаңы процесттер жүрө баштайт, андан кийин шайлоолор болот. Бийликке жаңы адамдар келип, жаштар көбүрөөк катышсын. Алар үчүн абийир, ар-намыс баарынан жогору болушу керек. Бирок, аларга билим алууга жана мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүүгө умтулуууну үйрөтүү зарыл, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД