Суусамыр өрөөнүнө бараткан жолдо бир үй бүлө дайынсыз жоголду

Ат-Башыдан Суусамырга бараткан жолдо беш адам дайынсыз жоголду. Жоголгондордун туугандары VB.KG редакциясына билдиргендей, үй бүлө мүчөлөрү ак түстөгү "Nissan Terrano" үлгүсүндөгү автоунаасында, 30-июнда эртең мененки саат 4.00. чамасында Нарын облусунун Ата-Башы районунан Чүй облусундагы Суусамыр жайлоосуна, Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине катышуу үчүн жол тартышкан. Ошол эле күнү кечинде кайра кайтууга тийиш эле. Бирок, ушул убакка чейин алардан эч бир кбар жок, майрамдык иш чарага да катышпаганы белгилүү болду. Акыркы жолу байланышка эртең менен Жумгал районунда баратышканында чыгышкан.

Туугандары ошондой эле бир күбөнүн, алдыда бараткан автоунаа Көкөмерен суусуна кулап кеткендиги жөнүндө айтканын билдиришти. Бирок ал автоунаанын үлгүсүн айта алган эмес. Дарыядан автоунаанын тетиктери табылган, анын ичинен каптал жактагы күзгүсү – бирок, жакын туугандар анын "Nissan Terrano" автоунаасына тиешелүү эмес деп күмөн санашууда.

Ошол эле учурда ӨКМ басма сөз кызматы, 30-июнда Жумгал районундагы Кызыл-Ой айылынын аймагында бир автоунаа Көкөмерен дарыясына кулап кеткендиги жөнүндө кабар келип түшкөнү боюнча маалыматты тастыктады.

Куткаруучулар эки күн бою ал жакта издөө иштерин жүргүзүп жатышат, буга 51 адис тартылган. Бирок, мекемеде алдын-ала түшкөн маалымат боюнча, болжол менен дарыяга "Lexus" үлгүсүндөгү автоунаанын кулаганы жөнүндө айтышууда жана анын ичинде канча адам болгондугу жөнүндө ӨКМ маалыматы жок.

Жоголгон адамдардын жакын туугандары Ат-Башыдан Суусамырга бараткан жолдо, мамлекеттик номери 01KG013 "Nissan Terrano" үлгүсүндөгү автоунааны көргөндөр болсо кабарлап, жардам берүүсүн суранып, кайрылышууда. Бул жөнүндө баардык маалыматтар маанилүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД