"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы башталды

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашырылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Анын жүрүшүндө долбоорду ишке ашырууда айдоочулар тарабынан айтылган техникалык катачылыктарга байланышкан маселелер талкууланды. Бул жөнүндө өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы жоопкерчиликти алган мамлекеттик органдар тарабынан жеткиликтүү иштер жүргүзүлбөй жатканына активдүү жарандык сын көз карашын билдирген жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилеп өткөндөй, долбоордун алгачкы ишке киргизилишинен баштап эле, жарандардын колдоо көрсөтүүсү менен мамлекетке "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга жетишүү мүмкүн болду.

Ушуга байланыштуу премьер-министр жолдо жүрүүдө, жол белгилеринин туура эмес оронтулушу сыяктуу жетишсиз иштердин жарандар аркылуу көрсөтүлүшүнө, ыкчам аракет жасоо менен ал кемчиликтерди жойуу боюнча тапшырмаларды берип турган.

-Айдоочулар дайыма автожолдордо ойлонулбай иш жүргүзүлгөндүгүнүн кесепетинен, жол тыгындарынын пайда болуп жаткандыгына көңүл бурууну жооптуу органдарга жеткирүүгө аракет кылып келишкен. Буга жоопкер болгон мамлекеттик органдар, кемчиликтерди жоюшуп, жолдордогу коопсуздукту камсыз кылууга ыкчам аракет жасоо боюнча көп иштерди аткарышууда, - деп басым жасоо менен премьер-министр белгилеп өттү.

Мындан тышкары кеңешмеде "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи фазасына тийиштүү маселелер да талкууланды.

-Конкурска катышуу боюнча берилген арыздар 27-июнда каралды. Анын жыйынтыгы боюнча компаниялардын баалар боюнча сунушу 21-июнда талкууланат.

-"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы өлкөнүн бүткүл аймагын камтыйт. Келишим түзүлгөндөн кийин компания жыл ичинде уруксат берүүчү документтерди алуу менен, республика боюнча программалык-аппарат комплекстеринин орнотулушун камсыз кылууга тийиш. Долбоорду толук ишке ашыруу эмдиги жылы пландаштырылууда. Экинчи этапта аппараттык-комплекси 306 точкада орнотулат, анын ичинен 266 стационарлык жана 40 жылып жүрүүчү аппарат колдонулат, - деп түшүндүрмө берди Маалыматтык технология жана байланыш боюнча Мамлекеттик комитетинин жетекчиси Дастан Догоев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД