АКШ элчилиги Кой-Ташта башаламандык болуп кетүү мүмкүндүгүн эскертти

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өз жарандарын Чүй облусунун Көк-Жар айылынын түштүк жагында жана Чоң-Таш айылынын чыгышында жайгашкан суу сактагычы жайгашкан районго барбай турууну эскертти. Мындай билдирүү АКШ дипломаттык өкүлчүлүгүнүн сайтында жарыяланды.

Кыргызстандык ММКлар Кой-Таш айылында жайгашкан Атамбаевдин резиденциясында көп сандагы эл чогулууга даярданып жаткандыгы жөнүндө билдирүүдө. Басма сөз каражаттары парламент депутаттары мурдагы президенттин кол тийбестигин алып салгандыгына байланыштуу, ага карата кылмыш иши козголуп, анан камакка алынышы мүмкүн деп билдирүүдө. Бул Кой-Таш айылы жайгашкан райондо жарандык башаламандыкка алып келиши мүмкүн, - деп айтылат АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында.

Дипломаттар америкалыктарды Кой-Таш айылынын районуна, ошондой эле Көк-Жар айылынын түштүк жагында жана Чоң-Таш айылынын чыгышында жайгашкан суу сактагычка барбай турууну өтүнөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД