Кыргызстанда аюу менен маралга биринчи жолу спутник каргы салынды

Кыргызстанда биринчи жолу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери жана Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору менен биргеликте Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда мындан эки ай мурда аюу менен маралга спутник каргысы салынды.

Аюу 6-7 жашта, ага "Илимбек" деген ысым ыйгарылган. Спутник каргы менен ал эки айда төрт жолу Нарын дарыясын кечип өтүп, жакынкы айылга 1 километрдей барып, андан ары Ат-Башы районуна өткөн. Ал кайра корукка кайтып келди. Эки айда 643 чакырым жол жүргөн.

Токой чарба кызматкерлеринин божомолу боюнча аюу аңчылыкка чыга баштаган.

Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери Тянь-Шань аюусун азыктандыруу жана миграциясы боюнча биринчи илимий изилдөөлөрдү жүргүзө баштагандыгын белгилей кетүү керек. Ошондой эле Кыргызстандын илимпоздору жакынкы убактарда бул тема боюнча илимий эмгектерди жазып жана диссертацияны жактоого ниеттенишеүүдө. Нарындын мамлекеттик жаратылыш коругунда илимий изилдөөлөр 70-80-жылдары жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлүп жаткан илимий иштер Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда жашап жана Кызыл китепке киргизилген жапайы жаныбарларды коргоо, изилдөө жана алардын миграция жасоосун иликтөөгө багытталган.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу 1983-жылы, Борбордук Тянь-Шандагы сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн санын көбөйтүү максатында уюштурулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД