Көкөмерен суусунан Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун денелери табылды

Кече күнү кечинде Көкөмерен суусунда мурда дайынсыз жоголгон Чүй облустук администрациясынын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун сөөгү табылды. Бул жөнүндө Молдакундун кызы Индира Абдылдаева билдирди.

-Акыркы күнгө чейин үмүттөндүм эле, бирок... Мен таң эртеден түнгө чейин бул жерде ӨКМ куткаруучулары, жергиликтүү тургундар жана туугандарым, кесиптештерим, досторум, курбуларым, инимдин достору, атамдын кесиптештери менен издөө иштерин жүргүзүүдөбүз, азырынча эки денени таптык. Биздин кайгыбызды тең бөлүшкөндөрдүн баардыгына ыраазычылыгмды билдирем, - деп жазган Индира.

Үй бүлөнүн дагы үч мүчөсүн – Индиранын апасын, инисин жана анын кызын издөө иштери улантылууда.

Эске салсак, 30-июнда милицияга Ат-Башыдан Суусамырга бараткан жолдо беш адам дайынсыз жоголду деген кабар келип түшкөн. Алар ак түстөгү "Nissan Terrano" үлгүсүндөгү автоунаа менен Чүй облусуна Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине баратышкан. Кийин күбөлөр Кожомкул жана Арал айылдарынын ортосундагы жолдо бул автоунаа жарга урунуп, Көкөмерен суусуна кулап кеткенин айтышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД