Жайкы сезондун башталышы менен Ысык-Көлдө эки бала чөгүп кеткен

Жайкы сезодун башталышы менен Ысык-Көлдө жашы жете элек эки бала чөгүп кеткен. Бул жөнүндө Ысык-Көл облусунун ИИББ басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

28-майда көлдүн Каракол-Пристань деген жеринде 15 жаштагы өспүрүм чөгүп кеткен. Андан бир ай өтпөй шар аккан сууга агып, 4 жашар бала каза болгон.

Бул балдар суунун жээгинде эч кароосу жок жүрүшкөн. Бүгүнкү күндө облуста атайын сууга түшүүчү жайлар ачылып, ал жерде коопсуз эс алууга болот. Башка жерлерде сууга түшүү ден соолукка жана өмүргө коркунуч жаратат, деп билдиришти милиция кызматынан.

Ошондуктан Ысык-Көл облусунун ИИББнын жетекчилигинин буйругу менен, жайкы күндөрү эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн милиция кызматкерлери көлдүн жээгинде күзөт жүргүзүүдө.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, жашоочулар, балдар жана эс алуучулар менен, балдарды кароосуз калтырбоо, коопсуздукту сактоо, сууга чөккөн адамга биринчи жардам көрсөтүү ж.б.у.с. маселелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана сууга түшүүчү жайлар текшерилүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД