ЦУМдун жанында Нигериянын жаранын урган адам 7,5 жылга камалышы мүмкүн

ЦУМдун жанында белгисиз бир адамдын Нигериянын жаранын уруп салышы жөнүндө КР Жазык кодексинин 138-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына Бишкек шаарынын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

2-июлда саат 17.30. чамасында "102" кызматына Республикалык улуттук госпиталдан оор жаракат алган чет элдик жаран жаткырылгандыгы, ошондой эле "102" номери боюнча "Айчүрөк" борбордук универмагынын жанынан азият түспөлүндөгү адам Нигериянын жараны 1985-ж. туулган Т.Аны уруп салгандыгы кабарлаган.

Учурда жабыр тарткан жаран Республикалык улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бул факт Бишкектин Сверлов районунун ИИБ Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 183-беренеси боюнча (Ден соолукка оор зыян келтирүү) катталды.

Бишкектин Сверлов районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан издөө иштери башталып, шектүү адамдын өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн:

138-берене. Ден соолукка оор зыян келтирүү

1. Келтирүү учурунда өмүргө коркунучтуу болгон дене-бойго зыян келтирүү түрүндөгү ден соолукка оор зыян келтирүү; же көрүүсүн, сүйлөөсүн, угуусун же кайсы бир органын жоготууга, же болбосо органдын аткаруучу функцияларын жоготууга алып келген ден соолукка зыян келтирүү; эмгекке жөндөмдүүлүгүн кеминде үчтөн бирин туруктуу жоготуу менен, же болбосо билип туруп кесиптик эмгек жөндөмдүүлүгүн толук жоготуу менен байланышкан психикалык ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна алып келүү; боюнан түшүрүү же болбосо адамдын бетине кетпес так салуу, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат (5 жылдан 7,5 жылга чейин).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД