Кыргыз танкисттери "Танкалык биатлон" боюнча дүйнөлүк биринчиликке барышат

Бүгүн, 2019-жылы 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Аскер күчтөрүнүн Кургактагы аскер бөлүгүнүн 4 танкалык экипажы (негизги 3 жана запастык 1) "Танкалык биатлон" эл аралык биринчиликке даярдануу максатында, Чебаркуль полигонундагы башкы мелдешке катышуу үчүн алдын ала даярдык көрүүгө Челябинск шаарына учуп кетишти. Бул жөнүндө КР КК башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, танкалык экипаждар команданын башкы машыктыруучусу полковник Виктор Косачев менен бирге мелдештин шартына ылайыкталган "Эдельвейс" окуу борборунда өз чеберчиликтерин арттыруу боюнча даярдыктан өтүшкөн.

Негизги даярдыктан тышкары, механик-айдоочулар, аткычтар жана командирлер физикалык жана моралдык-психологиялык абалын текшерүү үчүн кылдат медициналык кароодон өтүштү.

Эске салсак, 2019-жылы 3-17-августта Россия Федерациясынын "Алабино" полигонунда "Танкалык биатлон" боюнча кезектеги дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү пландаштырылууда. Бул мелдешке дүйнөдөгү ар кайсы өлкөлөрдөн 25 мамлекет катышмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД