1-сентябрдан баштап ишеним катты убактылуу колдонуу пландаштырылууда

ЖКККББ автоунаага берилүүчү ишеним катын убактылуу колдонуу сунушун берүүдө. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына бул мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

-"Коопсуз шаар" долбоорунун ишке киришинен бери ИИМ ЖКККББна 20 миңден ашык жаран кайрылган. Алардын жарымынан көбү ишеним катына байланышкан маселе боюнча кайрылышып – мурда сатып жиберген автоунааларын таба алышпай жаткандыгын жана аларды издөөгө жардам берүүнү сурап кайрылышкан. Мисалы, бизге пенсиясы 4,5 миң сомду түзгөн улгайган жарандар келишип, 6-12 миң сомдук штраф жазылган "бакыт каттарын" көрсөтүп даттанышып, аны кантип төлөйбүз деп сурашууда. Автоунааларын мурда эле сатып жиберишкен, ал эми жол эрежесин бузган ниети таза эмес айдоочулар, автоунааны өздөрүнө каттатканга шашылбай жатышат, - деп белгиледи ЖКККББ басма сөз кызматы.

Ушуну менен бирге Кодекс боюнча жолдо жүрүү эрежелерин сактабагандыгын видеого тартып алган комплекстүү аппарат боюнча, жоопкерчиликке автоунаанын кожоюну тартылууда.

Ошондуктан, автоунаа ээлерине жардам көрсөтүү жана автоунааларды каттоону иретке келтирүү, ошондой эле Жолдо жүрүү эрежелерин бузуп, жоопкерчиликтен качкан адамдарды жоопко тартуу максатында, ЖКККББ тарабынан Жолдо жүрүү эрежелери боюнча Жобого өзгөртүү жана толуктоо сунушун киргизип, кожоюну жок учурда автоунааны башкарган айдоочулар үчүн милдеттү түрдө ишеним катты колдонууну талап кылат. Мекемеде кайрадан ишеним катты колдонууну убактылуу киргизүү 5 айга – 2019-жылдын 1-сентябрдан 31-декабрына чейин сунуш кылынууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД