Нарында илбирс, аркарлар, бугулар фотокапканга түшкөн

Кыргызстанда мамлекеттик жаратылыш коруктарынын аймагында кайтарууга алынган жапайы жаныбарлардын саны көбөйүп бараткандыгы байкалууда. Мамлекеттик токой чарба кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жөнүндө Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында орнотулган фотокапканга түшкөн жаңы фотосүрөттөр далил боло алат.

Нарын жаратылыш коругунда 2019-жылдын башында жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүү жана эсебин алуу үчүн 10 фотокапкан орнотулган. Кече жакында Мамлекеттик токой чарба кызматынын кызматкерлери жаратылыш коругунун баардык аймактарында дагы 10 фотокапкан орнотушту.

Камеранын объективине илбирс, аркарлар, бугулар жана кескелдириктер түшкөн.

Мамлекеттик токой чарба кызматынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды айлана-чөйрөгө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө этият мамиле жасоого чакырышууда. Ошондой эле жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын жана өсүмдүктөрдүн көбөйүү-азайуу эсебин алып турушат, - деп түшүндүрүштү мекеменин басма сөз кызматынан.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянты 105 миң 519 га түзөт. Жаратылыш коругунун аймагында Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү жапайы куштарды жана жаныбарларды, алардын ичинен илбирс, аюу, сүлөөсүн, суусар, бүркүт, барчын, шуумкар, тартар, үкү ж.б. кезиктирүүгө болот.

Ошондой эле бул жерде өсүмдүктөрдүн 600 түрү, балыктардын 3 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү каттоого алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД