Соода борборунун жанында сабалган чет өлкөлүк жаран көз жумду

"Айчүрөк" соода борборунун жанында сабалган чет элдик жаран Тижжани Али Абубакар улуттук бейтапканада көз жумду.

Ал Нигериянын жараны болгон, бирок, көп жылдардан бери Бишкекте жашап жана "Cambridge School" тил үйрөтүүчү мектебинин директору катары иштеж жүргөн. Бир нече жыл мурда жергиликтүү кызга үйлөнүп, эки кыздуу болгон.

Эске салсак, 2-июлда саат 16:30 чамасында "Айчүрөк" соода борборунун жанынан кыргызстандык жаран Тижжаны Али Абубакарды уруп жибергенде, ал башы менен асфальтка урунуп, оор жаракат алып, улуттук бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу.

Андан кийинки күнү 3-июлда милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жаранды сабаган шектүү жаранды кармашканда, ал 22 жаштагы Чүй облусунун тургуну болуп чыкты. Учурда ал Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД