Аида Салянова камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Шаардык соттун чечимине ылайык, аны 26-августка чейин № 1 убактылуу кармоочу жайында камакта калтырышты.

Эске салсак, Аида Салянова "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу, ушул жылдын 3-июнунда кармалып, Бишкек шаарынын ИИББ убакытлуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин № 1 убактылуу кармоочу жайында калтыруу чечимин чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД