Милиция Ысык-Көлгө келген туристтин акча салынган баштыгын таап берди

Россиядан келген туристке жоготуп алган документтери жана акчасы салынган баштыкты таап беришти. Бул жөнүндө Ысык-Көл облустук ИИББ басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

5-июнда Балыкчы шаарынын ИИБнө Россия Федерациясынын Белгород облусундагы Новый Оскол шаарынын тургуну Вячеслав Андреев кайрылып, саат 13.30. чамасында Ысык-Көл районунун Тамчы айылына эс алууга бара жатып Боом капчыгайынын "Красный мост" районунда документтер жана акча салынган баштыгын унутуп калгандын кабарлаган.

Арыз жазуучу баштыкта паспорт, айдоочунун күбөлүгү, автоунаага техпаспорт жана 20 миң рубль, 15 миң тенге,16 миң сом акча каражаты болгондугун билдирген. 40 мүнөт өткөндөн кийин ал баштыгын жоготкон жерге кайтып келип, бирок аны таппай калган.

Кийин белгилүү болгондой, жоголгон баштыкты жергиликтүү тургундар таап, Тоң районунун ИИБнө алып барып беришкен. Жоголгон буюмду ээсине кайтарып берүү үчүн милиция кызматкерлери Тамчы айылына келгенинде, турист Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу үйлөрдүн бирине кетип калгандыгы билинген.

Бул факт боюнча жайкы туристтик сезон учурунда коопсуздукту камсыз кылуу иштерине тартылган баардык милиция кызматкерлерине кабар берилген. Бир күндөн кийин туристтик милициянын кызматкерлери Россиядан келген туристтин жайгашкан ордун аныкташып, анын жоголгон буюмдарын кайтарып беришкенинде, чет элдик турист тез убакыттын ичинде ага жоголгон документтерин жана акча каражаттарын таап беришкенине таң калганын жашырган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД