ЦУМдун жанында нигериялык жарандын сабалышы боюнча күбөнүн көрсөтмөсү

"Айчүрөк" соода борборунун жанында Нигериянын жаранынын ден соолугуна оор зыян келтирилген факт боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 1994-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну С.К. (аял киши) күбө катары аныкталып жана анын көрсөтмөсү алынды. Ал эки жарандын ортосунда жаңжал болуп жаткан убакта, шектүү К.Э. менен соцтармактар аркылуу түз эфирде байланышта болгон. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Күбө шектүү К.Э. менен 2017-жылдан бери дос экенин, дайыма байланышта болуп тураарын айтып берди.

-2019-жылы 2-июлда Бишкектеги "Айчүрөк" соода борбору тарапта саат 16.00. чамасында, К.Э. соцтармакта түз эфирде байланышка чыгып, ГУМдун тышкы көрүнүшүн көрсөтүп жаткан. Бул убакта Москвадан түз эфирде бир нече достор соода борборунун имаратын көрсөтүүнү суранганбыз. Ошол учурда орой сөздөрдүн айтылып жатканын угуп калдым. "Эмне болуп жатат?" деген менин суроомо, К.Э. бир чет элдик жаран анын дарегине сөгүнүп жаман сөздөрдү айтып жаткандыгын айткан. Мен ага бул адамга көңүл бурба деген кеңешимди бердим. Андан кийин ал ЦУМга жеткенинде кайрадан, "Сен эмне мени кайрадан видеого тартып жатасың?" деген ошол эле орой үндү уктум. К.Э ага "Тууган, тынчтан! Мен видеого сени тарткан жокмун!" деп жооп берди. Бирок, тиги киши кайрадан орой сөздөрдү айта баштаганда, К.Э. аны муштап жиберген. Ошондон кийин түз эфир дароо токтотулду. К.Э. тиги тааныбаган кишинин улутуна же расасына карата эч бир шылдыңдоо же орой сөздөрүн айткан жок деп ишенимдүү айта алам", - деген күбөнүн сөздөрүн Бишкек шаарынын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Свердлов районунун Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча кийин кабар берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД