Кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысын өлтүрүүгө шектүүнүн өздүгү аныкталды

2-июлда Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы Камчыбек Каримовду өлтүргөндөрдүн өздүгү аныкталды. Бул жөнүндө күч органдарындагы өз булагына таянуу менен "АиФ-Урал" басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, азыр шектүү жарандарды кармоо боюнча баардык иш чаралар жүрүп жатат. Ушуну менен бирге басылма шектүүлөрдүн бири славян улутундагы жаран экендигин белгиледи.

Эске салсак, Россиянын күч органдары бул кылмыштын башкы себебин карактоо катары белгилөөдө. Камчыбек Каримов ири суммадагы акча каражаты менен үйүнө кайтып келе жатканында, эки белгисиз адам кол салышкан. Ал коргонууга аракет кылган, бирок, кол салгандардын бири ок аткан. Андан кийин карактоочулар 2 млн рубль акчаны алып, изин жашырган, ал эми баштыктагы акчанын (17 млнго жакын рубль) калганын таштап кетишкен. Кол салуу жана өлтүрүү учуру видео камерага түшүрүлүп калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД