Балдар үчүн чет элдик паспорт берүүнүн мөөнөтү кыскартылды

Балдар үчүн жалпы жарандык паспорттор эми кыска убакыттын ичинде бериле баштайт. Паспортту берүү мөөнөтү 18 күндөн 10 күнгө кыскартылды. Бул жөнүндө өкмөттүн сайтында жарыяланды.

28-июлда тиешелүү Токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол коюп, Токтом 2019-жылдын 5-июлунан баштап күчүнө кирди.

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Ошентип 16 жашка чейинки балдарга жалпы граждандык паспорттор 10 күндүн ичинде бериле баштайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД