"Укук" жана "Соцсервис" мамлекеттик ишканалары түзүлдү

Өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдында "Укук" жана "Соцсервис" мамлекеттик ишканалары түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул чечим санариптик трансформация боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында кабыл алынды.

"Укук" мамлекеттик ишканасы сот, прокуратура, укук коргоо органдары, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш, миграция, коргонуу, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу, чек ара, радиациялык жана өрт коопсуздугу тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгып, алардын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык коштоосун камсыз кылат.

Ал эми "Соцсервис" мамлекеттик ишканасы саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият, спорт, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик жөлөк пул, жеңилдиктер жана пенсия тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгып, алардын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык колдоосун камсыз кылат", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД