МКК сайтында автоунаанын документтеринин аныктыгын текшерип алууга болот

ММК электрондук тейлөө потралында portal.srs.kg автоунааларды каттоо, өзү жүрүүчү унааны жана тетиктеринин документтеринин аныктыгын текшерүүчү жаңы сайт ачылды. Бул жөнүндө ММК басма сөз кызматы билдрет.

Мындай мүмкүнчүлүк автоунааларды сатуу-сатып алуу келишимин аткарууда, документтин аныктыгын текшерүүдө жана бул маалыматтар көрүнгөндө ММК реестринде катталганын тастыктайт. Мындай кызмат көсөтүүнү колдонуучунун өздүгүн аныктабай туруп эле пайдаланууга болот.

Кызмат көрсөтүүнү түзүү булагы болуп "Автоунаа каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы эсептелет.

Маалыматты текшерүү үчүн документтин катталышын, анын сериясын жана номерин тандап алуу керек.

Ошондой эле порталда автоуунаа жана айдоочулар курамы боюнча төмөнкүлөрдү издесе болот:

-Айдоочу тестирлөөнү өткөн датаны текшерүү;

-Автоунаанын кожойунун издөө;

-Автоунаанын катталышын текшерүү;

-Автоунаанын бар экендигин текшерүү;

-Штрафтар боюнча текшерүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД