ЖК депутатынын уулу 3 адам каза болгон жол кырсыгынан жаракат алды

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков Ысык-Көл облусунун аймагында 3 адам каза болгон жол кырсыгынан жаракат алды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына аварияга учураган жеңил машинадагылардын туугандары билдиришти.

Эске салсак, бул жол кырсыгы 7-июлда Чолпон-Ата курорттук шаарына жакын жердеги Бактуу-Дөлөнтү айылындагы жолдо болуп, "БМW Х-7" унаасы "Лексус 300" үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, жол кырсыгы жеңил машинанын катуу ылдамдыкта келе жатканынан болушу мүмкүн.

Темирлан Токобековдун жол кырсыгына тиешеси бар экендиги жөнүндөгү маалыматты туугандары гана эмес, башка булактар да тастыктады. Жол тандабас машинасы ага тиешелүү болгон, бирок, авария учурунда рулда башка адам отурган.

Ысык-Көл облусунун ИИББ VB.KG редакциясына билдиргендей, ВМW машинасын Чүй облусунун тургуну, 24 жаштагы Х.Э. башкарып бараткан. Учурда авариянын келип чыгыш себебин аныктоо боюнча тиешелүү экспертизалар жана териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Темирлан Токобеков 1994-жылы 6-майда туулган, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Ажалиевдин уулу болот. Темирлан Токобеков жеке ишкерлик менен алектенет, андан тышкары 2016-жылдан бери "Республика-Ата-Журт" партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп саналат. Анын бир тууганы – Атабек – Сооронбай Жээнбековдун кызына үйлөнгөн. ММКнын маалыматы боюнча, Темирлан Токобековго 2017-жылы "Мерседес" автоунаасынын терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн 2 миң сом штраф салынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД