Кармалган мигранттарды ИИМ кызматкерлерине "көрсөтмө" берүүгө мажбурлашууда

Москва шаарында миграциялык жасалма документтерди жасаганга шектелген Кыргызстандан барган жарандардын тобу кармалды. Бул жөнүндө Россия ИИМ расмий сайты билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кылмышка шектелген жарандар жасалма бланктар жана мөөрдүн жардамы менен, мигранттарды эсепке алуу боюнча жасалма документтерди даярдашкан.

-Кылмышкерлердин бир күндүк тапкан пайдасы 150 миң рублди түзгөн, алар мындай жол менен жабыр тарткан жарандарга 10 миллиондон ашык рублдик чыгым тарттыргандыктан, "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш тобунун эки уюштуруучусу жана беш активдүү катышуучусу кармалып, дагы бешөө эч кайда кетпестиги тууралуу кол коюп, коё берилди, - деп билдирди россиялык полиция кызматы.

Ошондой болгону менен бул топтун штаттан тышкаркы кызматкери VB.KG редакциясына билдиргендей, иштин аныгында россиялык полиция жарандарга тескери маалымат берүүдө.

-Биз мигранттар үчүн даярдаган документтер жасалма эмес, анык документтер болчу. Ошол эле Москва шаарында убагы менен мигранттардын документтерин маалымат булагы аркылуу текшерип турушат жана биздин кардарлар бир да жолу жасалма документтер менен кармалган эмес. Биздин кеңсе Россия ИИМ өкүлдөрү менен тыгыз иштешип тургандыктан, алар мындан дайыма пайда таап келишкен. Биз алар менен мындай жол менен жалгыз эле иштешпейбиз, Россиянын бүт аймактарында полиция менен тыгыз иштешкен кеңселер толтура. Угушума караганда, менин кызматкерлеримди ИИМ миграция башкармалыгындагы адамдарга "көрсөтмө" берүүгө мажбурлап жатышат, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД