Сүт азыктарынын калдыктары Түп суусуна жана Ысык-Көлгө куюлуудабы?

Сүт азыктарын кайрадан иштетип чыгаруучу заводдун калдыктары Түп суусуна куюлууда. Бул жөнүндө "ЭКОстан" экологиялык кыймылынын активисттери билдиришти.

"Сүт дарыясы" жомокто гана болбостугун, жакшы иштеп жана өнүккөн сүт заводу калдыктарды тазалоочу жабдыкты орнотуудан акча каражатын үнөмдөп калууга аракет кылып, өндүрүштүн калдыгы сары сууну чуңкурга төгүп жаткандыктан, андан аккан суулар Түп суусуна жана Ысык-Көлгө куюлуп жатканын көрүп айтса болчудай. Мындай көрүнүштү Түп районунун активисттери видеого тартып алышкан, - деп жазышат активисттер.

Ошол эле убакта Ысык-Көл облусунун Түп районунда ишкердүүлүгүн жүргүзүп жаткан "Сүт-Булак" компаниясы активисттердин мындай билдирүүсүнө түшүндүрмө берди. Алар ырасташкандай, сүт өндүрүүчү ишканада баардык экологиялык нормаларды жана талаптары сакталып иш жүргүзүлгөндүктөн, өндүрүштүн калдыктарынын Түп суусуна, анан Ысык-Көлгө куюлуусу мүмкүн эмес.

"Сүт-Булак" ЖЧКсы сүт азыктарын кайра иштетип чыгаруу менен 1996-жылдан бери ийгиликтүү иштеп келүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД