Сузак районунда 11 жаштагы баланы мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти

Жалал-Абад облусундагы Cузак районунун Каңды айылында 11 жаштагы баланы мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Баланын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө кабар милиция бөлүмүнө 8-июлда саат 18.30. чамасында келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу жана прокуратура өкүлдөрү барышкан.

Бала өз үйүндө колу-буту скотч менен байланган абалда жана денесине бычак сайылган жаракаттары менен табылды, - деп VB.KG редакциясына Жалал-Абад облусунун ИИББ билдирди.

Үйдүн ичин жана айланасын кароо учурунда, ажатканадан канга боёлгон кийим жана өлтүрүүгө курал катары колдонулушу мүмкүн болгон ашкана бычагы табылган.

Күч органдарынын өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, ал жерде калтырылган кийим чоң кишиге чак келбейт. Ошондуктан, тергөөнүн божомолдорунун бири боюнча, бул кылмыш жашы жете элек өспүрүм бала тарабынан жасалышы мүмкүн.

Бул кылмыш иши Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД