Жемкорлукка каршы күрөшүүдөн түшкөн акчаларга мектептер курула баштады

Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектепке кошумча имараттарды куруу үчүн 799,3 миллионн сом бөлүндү. Бул акча каражаттары жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен берилди.

Бул жөнүндө президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, мурда президент Сорронбай Жээнбеков бир нече мектептерге барып, алардын абалын көрүп, жемкорлукка каршы күрөшүүдөн атайын эсепке түшкөн акча каражаттары Чүй облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын мектептеринде кошумча имараттарды курууга багытталат деп убада кылган.

2019-жылдын июнь айынан бери мектеп курулуштарына эсеп ачылып, биринчи траншы 15 миллион сомду түзгөн.

2019-жылга карата акча каражаттары бөлүнүп берилүүчү билим берүү мекемелери аныкталып жана республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын өлчөмү көбөйтүлдү.

Каражаттар ведомстволор аралык комиссиянын анализинин жыйынтыгы боюнча аныкталган мектептердин кошумча имараттарын курууга багытталат.

Бишкек шаарында: № 12-мектеп-гимназиясы, № 69-комплекс-гимназиясы, № 54-орто мектеби, № 18-орто мектеби, № 59-орто мектеби, № 72-мектеп-гимназиясы, № 16-орто мектеби.

Чүй облусунда: Новопавловка орто мектеби, Ат-Башы орто мектеби, Орок орто мектеби, Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы мектеби, Төмөнкү-Ала-Арча мектеби, Кашка-Суу айылындагы Т. Актанов атындагы мектеби, Новопокровка айылындагы № 2 Баранов атындагы мектеби.

Ош шаарында: № 7 Нариман мектеп-гимназиясы.

Келечекте каражаттар орто окуу жайлары жетишпеген республиканын бардык аймактарына багытталат.

Эске салсак, Президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө Буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД