ЖКККББ кызматкерлери автоунаалардын техникалык абалын текшерүүдө

Бишкек шаарынын ИИББ боюнча ЖКККББ кызматкерлери 8-июлдан 31-июлга чейин "Коомдук унаа" рейдин жүргүзүшөт. Бул жөнүндө мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

-Бул иш чара жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочулардын жолдо жүрүү эрежелерин сактоосу начарлап кетишине байланыштуу жана автоунаалардын техникалык абалына көзөмөл жүргүзүү жана уюмдар, фирмалар, ААК, ЖЧК ж.б. тарабынан жоболорду бузууларын аныктоо максатында уюштурулууда, - деп белгилешти шаардын ИИББ нын өкүлдөрү.

Ошондой эле жайкы туристтик сезондун ачылышы менен башка жактардан шаарга келип жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларга да (автобустар, микроавтобустар, таксилер) көзөмөл жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын ИИББ боюнча ЖКККББ кызматкерлери тарабынан айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү ташууда жол эрежесин бузбоо жана эрежелердин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жана автоунааларга техникалык көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата КР Бузуу кодексине ылайык токтомдор толтурулууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД