Кыргызстандык балбан күрөш боюнча Азиянын биринчилигинде финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Акылбек Талантбеков жаштар арасында Азиянын грек-рим күрөшү боюнча биринчилигинде финалга чыкты.

Акылбек Талантбеков бул турнирде 77 кг салмакта күрөшүп жатат. Финалда аны Ирандан келген балбан күтүүдө. Биздин спортчу ¼ финалда Өзбекстандын балбанын жеңип алган, ал эми жарым финалда кытайлык балбанды багындырды.

Кыргызстандын дагы бир спортчусу Нурсултан Махмудов да бул биринчиликте жакшы ийгиликтерге жетише алды. ¼ финалда ал Сауд Арабиясынан келген балбанды 11:0 эсебинде утуп алды. Ал эми жарым финалда адегенде 5:0 эсебинде ирандык спортчуну утуп аткан, бирок, күрөштүн экинчи жарымында жеңишти колунан чыгарып жиберди. Эми коло медаль үчүн Кореядан келген спортчу Сангжун Парк менен беттешет.

Азат Салидинов ¼ финалда утулуп калып, эми 3-орун үчүн күрөшмөкчү, ал Индиянын спортчусу менен кармашат.

Белгилей кетсек, жаштар арасындагы Азиянын биринчилиги үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Чонбру шаарында (Тайланд) башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД