"Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акча "Тез жардам" унааларын алууга жумшал

"Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акчанын жарымы "Тез жардам" автоунааларын алууга жумшалат. Бул жөнүндөгү Токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөттүн аппараты билдиргендей, "Коопсуз шаар" долборунан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүүгө өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык айып пулдун бир бөлүгү Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Калкыбыздын медициналык тез жардам машинелерине болгон муктаждыгы өсүүдө. Ушуга байланыштуу тез жардам машинелерин сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД