Окуучунун жол кырсыгына кабылышынан мектеп директору кызматтан алынды

Новониколаевкадагы мектеп-гимназиянын директору Т.Шадыканова кызматынан бошотулду. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы, Жайыл районунун билим берүү бөлүмүнө шилтеме жасап билдирди.

Бөлүм башчы Т.Арыковдун сөзүнө караганда, Базистик окуу планында окуучулардын иш практикасы каралбаганына карабастан, аталган мектептин директору Шадыканова тарабынан окуучуларды мындай иштерге тартуу көрсөтмөсү берилген.

Мурда VB.KG редакциясы маалымдагандай, кече күнү, 9-июлда 5-класстын окуучусу Н.О. мектепке иш практикасына бара жатканда жол кырсыгына кабылып, көз жумган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД