ЖКККБ депутаттын уулу катышкан кырсыктын күбөлөрүн издейт

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы депутаттын уулу катышкан кырсыктын күбөлөрүн издөөдө.

Эске салсак, 7-июлда саат 4.30. чамасында Чолпон-Ата шаарына жакын жердеги кырсыкта, "Lexus" жана "BMW Х7" автоунааларынын кагылышынан төрт адам каза болгон.

"BMW Х7" машинеси Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго таандык. Тергөөнүн маалыматына караганда, жол кырсыгы болгон убакта автоунаанын ээси жүргүнчүнүн одунда отуруп, рулду анын досу башкарып бараткан.

-Окуянын келип чыгыш себебин аныктоо, ошондой эле жол кырсыгын иликтөөнү калыс алып баруу максатында Жол коопсуздук башкармалыгы бул окуяга күбө болгондорду маалымат берүүгө чакырат.

Күбөлөр төмөнкү телефон номерлерине чалса болот:

КР ИИМ ЖКККБ: (0312) 63-09-00; 63-09-01

Ысык-Көл облусунун ИИБ: (03922) 5-45-05; 5-45-50

Ысык-Көл облусунун ИИБ Тергөө кызматы: (03922) 5-15-55; (0312) 29-40-10;

0705 75-59-88.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД