ЖАМК: Аида Салянованын ахывалы жакшы

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ахывалы жакшы жана дайыма дарыгерлердин байкоосунда дарыланып жатат. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

-Учурда А.Салянованын ахывалы мурдагыга караганда жакшы. Ал кардиология бөлүмүндө дарыланды жана дарыгерлер жазып берген дарыларды ичүүдө, - деп ЖАМКтан айтышты.

Улуттук кыйноолорду алдын алуу Борборунан VB.KG редакциясына билдиришкендей, азырынча Аида Саляновага карата кыйноо болгондугу жөнүндө арыз менен кайрылышкан жок.

-Биз сөзсүз түрдө жакынкы убакта Аида Салянованын ахывалын билүү үчүн барабыз. Балким бүгүн же эртеңки күнү, азырынча мага анын жактоочусунан эч кандай арыздануу түшө элек, ошондой болсо да, биз өз байкообузду жүргүзүүдөбүз. Биз ал Убактылуу кармоочу жайга киргизилгенде жана ооруканада жатканда барганбыз, - деди Борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов.

Белгилей кетсек, Аида Салянованын кыйноого кабылып жаткандыгы жөнүндө ММКлар анын жактоочусу Рабига Садыковага шилтеме жасап билдиришкен.

Эске салсак, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул кылмыш иши боюнча Батукаевге диагноз жасаган медиктер, сот кызматкерлери жана жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер камакка алынышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД