Жол кырсыгынан аман алган шаардык депутат эмне менен алектенет?

Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын табышмактуу жагдайы ушул убакка чейин көп суроолорду жаратууда. Укук коргоо органдары кырсыктын күнөөлүүсүн аныктоого аракет кылып жатат.

Эске салсак, 7-июль күнү таңкы саат 04.30. чамасында Чолпон-Ата шаарына жакын жердеги жолдо ВМW X7 жана Lexus автоунаалары кагылышкан. Lexus автоунаасынын айдоочусу жана үч жүргүнчүсү – 20 -23 жаштагы жигиттер каза болуп, ВМW X7 автоунаасындагы эки жаран денелеринен жаракат алып, аман калышкан.

Бул жол кырсыгы коомчулуктун кызыкчылыгын козгогон себеби, кагылышкан автоунаанын бири, баасы бир нече миң долларды турган ВМW X7 автоунаасы Бишкек шаарынын депутаты Темирлан Токобековго тийиштүү болгонунда. Бул "алтын бала" 2016-жылы 22 жашында шаардын депутаттыгына шайланган. Анын саясат майданына мынчалык эрте аттанышын, атасы Алиярбек Абжалиевдин Жогорку Кеңештин депутаты болгондугу, ал эми кичүү иниси президент Сооронбай Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү менен байланыштырышат.

VB.KG редакциясы Темирлан Токобековдун саясаттан башка дагы эмне менен алектенип жүргөнүнө кызыгып көрдү.

КР Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Темирлан Токобеков эки компаниянын уюштуруучусу болуп эсептелет:

Курулуш жана "Спартак стадиону

Биринчиси: "Фемили групп" ЖЧКсы, бир караганга бул фирма эч бир өзгөчөлүгү менен деле айырмаланбайт (Минюсттун сайтында, фирма борбордук кеңсесинде иш алып барат) жана эч кандай деле пайда таппайт. 2017-жылы өлкөнүн бюджетине компания салык түрүндө 617 сом төлөгөн.

Бирок бул муз тоосунун чокусу гана. Иш жүзүндө компания бир канча кичи фирмалардын түзүүчүсү болуп саналат. "Фемили групптун" "АЗМ строй" жана "Скай Лайт" курулуш компаниялары, кыймылсыз мүлк менен иштеген "Фемили инвест" агентствосу, декор жана ремонт менен иштеген "Фемили декор" агентствосу бар. "Фемили групп" мындан тышкары "Арена Спорт" компаниясынын да ээси болуп саналат. Ал спорт менен байланышкан ишмердикти жүргүзөт, анын кеңсеси "Спартак" стадионунун адмиснитративдик бөлүгүндө жайгашкан.

"Фемили групп" компаниясынын экинчи түзүүчүсү болуп Сухраб Жармухамедов эсептелет. Ал иш жүзүндө "Фемили групп" компаниясынын баардык кичи фирмаларында жетекчилик кылат жана жеке ишкерлик менен алектенет. Бул адам жөнүндө ачык маалымат өтө аз кездешет. 2016-жылы бишкектик шаар кеңешине шайлоодо ал "Өнүгүү-прогресс" партиясынын тизмесинде катталып, бирок, депутат боло алган эмес. Мындан тышкары бул адам "Фемили виллеж" компаниясынын да директору болуп саналат. Компаниянын сайтында, бул компания кыймылсыз мүлктү куруу жана сатуу, шаардын түштүк бөлүгүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө кыймылсыз мүлктөрдү сатуу менен алектенет деп көрсөтүлгөн.

Швейцариялык сааттар

Экинчиси: Темирлан Токобеков жана белгилүү Сухраб Жармухамедов экөө, Бишкекте дагы бир компанияга кожоюндук кылышат. "Хелфер вотчес" ЖЧКсы товарларды дүңү менен сатуу ишин аткарат. Фирманын аталышына караганда, бул белгилүү Helfer фирмасында жасалган швейцариялык сааттарды сатууга байланышы бар болушу мүмкүн.

2019-жылы май айында кайрадан катталганга чейин фирма "Сапат Кен Сервис" ЖЧК деп аталып, түстүү металлдарды казып алуу менен алектенип келген.

Токобековдун компанияларынын салык төлөмдөрү:

1. "Фемили декор" - 413 сом;

2. "Фемили инвест" - 713 сом;

3. "Скай Лайт" 2015-2018-жж.. - 388 535 сом;

4. "АЗМ строй" 2013-2018-жж.. - 196 894 сом;

5. "Хелфер вотчес" 2015-2018-жж.. - 1013 сом.

Азыркы убакта Темирлан Токобаев жол кырсыгынан кийин ооруканада дарыланууда. Дарыгерлер анын ахывалын орто-оор деп аныкташкан. Анын мээси чайкалып жана кашка жилиги сынып кеткен, аз-аздан ахывалы жакшырууда.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, бул автокырсыгында Темирлан Токобековдун күнөөсү жок, анткени, автоунаалардын кагылышуу учурунда рулду айдоочусу башкарып, ал эми Токобеков жүргүнчүнүн ордунда отурган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД