Билим берүү министрлиги кыргыз тилинде 61 миң окуу китебин басып чыгарды

Билим берүү жана илим министрлиги кыргыз тилинде 61 миң методикалык окуу китебин басып чыгарды. Бул жөнүндө мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик тилде бала бакчалардын, мектептердин, колледждердин жана жогорку окуу жайларынын педагогодору үчүн 48 аталыштагы методикалык окуу китептерин басып чыгарган.

Алардын жалпы тиражы 61 миң экземплярды түзөт.

Китептер республиканын баардык райондоруна жеткирилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД