Турлагерде эки адамды атып өлтүргөн жаранга мамлекеттик издөө жарыяланды

Ысык-Көл облусунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринде эки адамды атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алууга шектелген 1990-жылы туулган Смирнов Сергей Егоровичке мамлекеттик издөө жарыяланды. Бул жөнүндө Ысык-Көл облусунун ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 4-июлда саат 12:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" альпинисттик лагердин башчысынын орун басары - 1970-жылы туулган А.Д. атып өлтүрүлгөндүгү маалымдалган.

Бул билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Териштирүү учурунда күбөлөр берген көрсөтмөдө, "Хан-Теӊири" лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С. Сергей "Вепрь" үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басарын төшүнө, ошол эле жерде иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М.К.ны ичке аткандыгы аныкталган. Лагердин кызматкерлери алган жаракатынан каза болушкан.

Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И.У. Сергейди кармоо аракетин көргөндө анын колуна бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Учурда Сергей Смирновду издөө операциясы улантылып жатат.

Шектүүнүн өзгөчө белгилери: бою 160-170 см, көздөрү чоң жана түсү күрөң, чачы саргыл, чымыр денелүү.

Сергей Смирнов тууралуу кабары барлар: 0702 148841, 0707279994, (03922) 54550, 54505, 60321 телефон номерлерине же Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кайрылып, (03948) 102 номерине чалса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД