Кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысын өлтүрүүгө жердеши буюртма бергенби?

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы Камчыбек Каримовго кол салууну анын жердеши, жакында камактан бошонуп келген "Зама" деген каймана аты бар Замир уюштурган. Бул жөнүндө Ura.ru маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып билдирген.

Маалымат боюнча, Зама оор кылмыш жасагандыгы үчүн түрмөгө камалып, бир нече ай мурда эркиндикке чыккан. Ал өзү Кыргызстанда туулган, кийин россиялык жарандыгын алган.

Мурда россиялык укук коргоо органдары адам өлтүрүүгө шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды деп билдиришкен.

Эске салсак, Камчыбек Каримов 2-июлда Екатеринбург шаарында өзү жашаган үйүнүн жанында өлтүрүлгөн. Каримов жеке ишкерлик менен алектенген, ошол күнү үйүнө келе жатканында жанында баштыгында 19 млн рубль болгон. Карактоочулар ал акчаны тартып алууга аракет кылышкан, бирок, Каримов каршылык көрсөткөндүктөн, алар 2 млн рубль акчаны алып кетүүгө гана үлгүрүшкөн. Бирок, диаспоранын экс-башчысы атылган октон каза болуп калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

Комментарии
Комментарии от анонимных пользователей появляются на сайте только после проверки модератором. Если вы хотите, чтобы ваш комментарий был опубликован сразу, то авторизуйтесь
Правила комментирования
На нашем сайте нельзя:
  • нецензурно выражаться
  • публиковать оскорбления в чей-либо адрес, в том числе комментаторов
  • угрожать явно или неявно любому лицу, в том числе "встретиться, чтобы поговорить"
  • публиковать компромат без готовности предоставить доказательства или свидетельские показания
  • публиковать комментарии, противоречащие законодательству КР
  • публиковать комментарии в транслите
  • выделять комментарии заглавным шрифтом
  • публиковать оскорбительные комментарии, связанные с национальной принадлежностью, вероисповеданием
  • писать под одной новостью комментарии под разными никами
  • запрещается использовать в качестве ников слова "ВБ", "Вечерний Бишкек", "Вечерка" и другие словосочетания, указывающие на то, что комментатор высказывается от имени интернет-редакции
  • размещать комментарии, не связанные по смыслу с темой материала
НАВЕРХ  
НАЗАД