Транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыгын сентябрга чейин төлөө керек

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калгандыгын эскертет.

1-сентябрга чейин транспортко, 2-сентябрга чейин - турак жайга, батирге жана жер салыгын төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга - 5000 сом өлчө

мүндө административдик айып салынаары каралган.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тартып мүлккө маалыматтык эсеп толтуруп, салык органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Мүлктүн менчик ээлери өздөрүнүн мүлктөрү тууралуу маалыматты юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар - 1-апрелге чейин жыл сайын тапшыруучу Бирдиктүү салык декларациясында гана көрсөтүшөт.

Бул маселелер боюнча кенен маалыматты салык органдарынан, ошондой эле 1240 номерине телефон чалып же www.sti.gov.kg сайтынан алсаңар болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД