МКК: Жылдын аягына чейин жеткидей 226 миң паспорт калды

Кыргызстанда 226 миң даяр жалпы жарандык паспорттордун бланкы калды. Бул жылдын аягына жетет болуш керек. Бул жөнүндө бүгүн, 11-июлда, пресс-конференцияда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, мурда жаңы паспорттун бланкын дарядоо боюнча тендерди утуп алган литвалык фирма Garsu Pasaulis, тендердин жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча Бишкек шаардык сотуна арыз жазып кайрылган. Сот кандай чечим кабыл алат белгисиз, ошондуктан анын жыйынтыгын күтүү керек, деп белгиледи Мамбетов.

-Бүгүнкү күнү паспорт берүү боюнча эч кандай чектөөлөр жок, тактап айтсак, ар бир жаран бул документти алууга укуктуу. Андан тышкары мен De La Rue компаниясы менен дагы 500 миң бланк даярдоо макулдашуусуна кол койгом. Бул макулдашуу 12-болуп эсептелет, буга чейин 11 макулдашууга кол коюлган, бул акыркысы болот деп ойлойм, - деп билдирди МКК жетекчиси.

МКК билдиргендей, жаңы электрондук паспортторго өтүү 2020-жылдын аягында башталмакчы.

-Биз бул маселе боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Кайсы өлкө жана компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканыбызды айтпайм, бирок, бул грант түрүндө болушу мүмкүн. Россиялык "Госзнак" болуп калышы да мүмкүн, - дейт аткаминер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД