КР мектеп окуучулары Парижге химия боюнча олимпиадага барышат

Мектеп окуучуларынын курамы үстүбүздөгү жылдын 21-30-июлунда Париж шаарында өтүүчү 51-Эл аралык Менделеевдик олимпиадага катышууга даярданууда. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, олимпиадага даярдануу окуу-тарбиялоо комплексинин алкагында Ысык-Көлдөгү "Кут билим" жайкы мектеп-лагеринде уюуштурулган.

-Химияны терең изилдөөгө багытталган мектеп-лагеринин ишине өлкөнүн баардык аймактарынан келген жөндөмдүү балдар катышат. Аларга лекцияны М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдыңкы адистери – химия илимдеринин кандидаты, физикалык химия кафедрасынын башчысы, доцент А.В. Леванов жана химия илимдеринин кандидаты, органикалык химия кафедрасынын кызматкери Ю. Н. Котовщиков окушат, - деп Билим берүү министрлигинен билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД