Кыргызстанда суурларга аңчылык кылуу сезону башталды

Кыргызстанда суурларга аңчылык кылуу сезону башталды. Бул жөнүндө өкмөткө караштуу Токой чарбасын коргоо мамлекеттик агентствосунун директору Абдыкалык Рустамов буйрукка кол койду.

Токой чарбасын коргоо мамлекеттик агентствосунун директору Абдыкалык Рустамов буйругуна ылайык суурларга аңчылык кылуу сезону 2019-жылдын 1-сентябрына чейин узартылат.

Бул иш чара Кыргызстандын аймагында суурлардын ресурстарын туура пайдалануу, аны коргоону, ага карата аңчылыкка чыгууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлөт.

Кыргызстандын аймагында суурдун үч түрү жашайт: боз суур, кызыл жана Кызыл китепке киргизилген Мензибар сууру.

Азыркы убакта Кыргызстанда жашаган боз суурлардын саны - 345 миң 554 башты түзөт. 2016-жылы алардын саны - 91 миң 705 башты, 2017-жылы - 124 миң 294, 2018-жылы - 132 миң 635, ал эми 2019-жылы боз суурдун саны - 159 миң 66 башты түзгөн.

Кызыл суурлардын саны 2016-жылы - 169 миң 910 башты, 2017-жылы - 166 миң 553, 2018-жылы - 164 миң 304, ал эми 2019-жылы - 174 миң 37 башты түзгөн.

Кызыл китепке киргизилген Мензибар суурунун саны 2016-жылы - 13 миң 96 башты, 2017-жылы – 12 миң 414, 2018-жылы – 13 миң 114, ал эми 2019-жылы алардын саны - 12 миң 451ге жеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД