UFC: Генри Сехудо Валентина Шевченкону беттешүүгө чакырды

UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Генри Сехудо Аманда Нуньес менен Валентина Шевченкону беттешке чыгууга чакырды. Бул жөнүндө спортчу TMZ басылмасына маек берип жатып билдирди.

"Эгерде Аманда Нуньес менен Валентина Шевченко даяр болушса, мен аларды беттешүүгө чакырам. Мен туткунга албайм! Эгерде сенин алтының болсо, мен аны алгым келет деди", - деди Генри Сехудо.

Спортчу UFC уюмунун чемпиондугунан тышкары, олимпиада оюнунун жеңүүчүсү болуп эсептелет, мындан тышкары ал өзү айткандай "алтын медалын" жакшы көргөндүктөн, аны алуу үчүн кармашат.

Валентина Шевченко жана Аманда Нуньес өз салмагында мыкты спортчулардан болуп саналышат. Аманда жарым жеңил жана жеңил салмакта (61 кг чейин жана 66 кг), Валентина – жеңил салмакта (57 кг чейин) беттешүүлөрдү өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, UFC эркектер менен аялдар ортосунда беттешүү өткөрбөйт, бирок, мындай идея бир нече жолу көтөрүлгөн. 2015-жылы аялдар арасында мелдештин "жылдызы", жеңилгенди билбеген Роунда Роузиге эркектер менен беттешүүгө чыгуу сунушу берилген. Бул идея коомдо кеңири талкууга түшкөн, бирок, беттешүү болгон эмес.

Мындан тышкары UFC чыныгы беттешүү принцибин сактоого аракетк кылып келгендиктен, мындай мелдешке уруксат бербейт болуш керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД