Бишкекте пенсионер аялды алдап, батирин тартып алышкан

Пенсия жашындагы Кенже Мурзабаева алдамчылыктын курмандыгы болуп, 2013-жылы Бишкектин кичи райондорунун бириндеги бир бөлмөлүү батиринен ажыраган. 80 жаштагы аялга сот колдоо көрсөткөн, бирок, анын чечими аткарылбай калууда. Азыр пенсия жашындагы аял Акыйкатчынын аппаратына кайрылып, колдоо издөөдө.

Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кенже Мурзабаева 2013-жылы нотариус менен келишим түзүп, ага ылайык бир бөлмөлүү батирин сатуу үчүн өзүнүн таанышына берген. Ал 1 жылдан кийин ушул эле райондон 2 бөлмөлүү батир берүүнү убада кылган. Эми ошол убада ушул күнгө чейин аткарылбай келет.

2017-жылы Кенже Мурзабаева президент Алмазбек Атамбаевге арыз жазып кайрылган, ал жактан катты Финансы полициясына жиберишкен. Финансы полициясынын тергөөчүсү бул ишти иликтөөгө алып, бирок, андан көп өтпөй кылмыш иши жок деген чечим чыгарган. Ал пенсионер аялга жарандык-укук сотуна кайрылуу кеңешин берген.

-Финансы полициясынын тергөөчүсүнүн таш боор жана формалдуу мамилесине туш болгон Кенже Мурзабаева, анын берген кеңеши боюнча, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Судья үч жолу сотко чакырганына карабастан, жоопкер аял сот процессине келбей койгон. Жыйынтыгында 22-сентябрда судья Жаныбек кызы Венера жоопкерди күнөөлүү деп таап жана мурда келишимдеги макулдашылган 2 млн 821 миң 400 сомдун суммасын жоопкердин төлөп берүүсү, ошондой эле пенсионерге адвокаттык кызмат үчүн 15 миң сом төлөп берүүсү милдеттендирилген. Жоопкерден карыз акчаны төлөтүп алуу сот аткаруучусу Эркин Исаевге тапшырылган, - деп Акыйкатчынын билдирүүсүндө айтылат.

Бирок, улгайган пенсионерди алдаган аял соттун чечимин аткарууга шашылган эмес. Анын ордуна ага өзүнүн адвокатын жиберип, карызды кайтарып берүү үчүн айына 2 миң сомдон төлөп берип туруу сунушун билдирген. Кенже Мурзабаева мындай "берешендиктен" баш тарткан.

-Эгер бул алдамчы аялга ишенип акчасын эсептеген күндө да, жоопкерден баардык сумманы алыш үчүн менин апама 121 жыл жашоого туура келип жатпайбы, - дейт ачууланып Кенже Мурзабаеванын кызы.

Акыйкатчынын аппараты бул ишити көзөмөлгө алып жана чогултулган документтерди изилдей баштады. Эгер тиги аялдын алдамчылыгы жана соттун чечимин аткарбагандыгы жөнүндө маалымат тастыкталса, материалдар укук коргоо органдарына иликтөө үчүн өткөрүлүп берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД