Бүгүн Бишкекке Казакстандын премьер-министри келет

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин бүгүн, 12-июлда расмий иш сапары менен Бишкек шаарына келет. Бул жөнүндө өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий сапардын алкагында Аскар Мамин бир катар иш-чараларга катышаары пландаштырылган, анын ичинен VIII кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешмеси тар жана кеңири курамда өткөрүлөт.

Ошндой эле тараптар соода-экономикалык кызматташтык, суу-энергетикалык тармак, өндүрүш кооперацияларындагы аракеттенүү, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө сыяктуу маселелерди талкуулашат.

Күн тартибине соода, инвестиция, өнөр жай, транспорт, маданият, туризм, билим берүү жана башка тармактардагы кызматташуу маселелери киргизилет.

Казакстандык делегациянын курамына - Премьер-министрдин орун басары Женис Касымбек, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев, Премьер-министрдин канцеляриясынын жетекчиси Галымжан Койшыбаев, Саламаттыкты сактоо министри Ельжан Биртанов, Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Роман Скляр, Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов, Финансы министрлигинин Мамлекеттик киреше комитетинин төрагасы Марат Султангазиев жана башкалар кирет.

Расмий иш сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД