Мамат Айбалаев: Чек ара маселелерин чечүүдөн коркпош керек

Чек ара маселелерин чечүүнү улам кийинкиге калтыра берүү менен, Кыргызстан Баткен облусундагы Лейлек жана Баткен райондорун жоготуп алуу тобокелдигине салууда. Бул жөнүндө тегерек столдогу маектешүү учурунда Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев билдирди.

-Чек араны чектөө жана аныктоо маселелерин создуктуруу методу биздин коңшулардын ишин оңдой берди кылууда. Ар жылы мындай көйгөйлөр көбөйүп бара жатат. Тажиктердин калкынын саны 9 миллионго жетти, ал эми биздики араң 6 миллионду түзөт. Чек ара маселелерин чечүүнү мындан ары да создуктура берүү жарабайт, аларды эртерээк чечүү зарыл. Антпесе Кыргызстан Баткен жана Лейлнек райондорунан кол жууп калышы мүмкүн. Ливан, Сирия, Украиндагы абалга көз салгылачы – чек арада чечилбеген маселелер мына ушундай кооптуу жагдайга алып келет, - деди Мамат Айбалаев.

Ал белгилеп өткөндөй, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө Кыргызстандын алсыздыгы – бул экономиканын начардыгынан болуп жаткандыгы талашсыз.

-Өлкө канчалык жакыр болсо, аны коңшулар ошончолук аз сыйлап калышат. Биздин мурдагы мамлекет жетекчилерибиз чек ара маселелерин чече алышкан жок жана экономиканы да кыйратышты. Ошондой болсо да бул маселелерди чечүүдөн коркпош керек, - деп белгиледи Баткен облусунун экс-жетекчиси.

Бул маселени чечүүнүн оң жолун ал жарандарды алмаштыруудан көрөт. Анткени Айбалаев өзү Баткен районунда жашагандыктан, этникалык кыргыздар Кыргызстанга келүүгө даяр, ал эми тажиктер дагы Тажикстанга барып жашагандан баш тартышпайт деген ишеничте.

Белгилей кетсек, Кыргызстан ушул убакка чейин Өзбекстан менен 200 км жана Тажикстан менен 400 кмге жакын мамлекеттик чек арасын макулдаша элек. Чек ара тилкесинин аныкталбагандыгынын кесепетинен, жергиликтүү тургундардын тиричилик жашоосунда жаңжалдар чыгып, курмандыктарга алып келүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД