Казакстан аркылуу жүк ташуулар жөнөкөйлөштүрүлдү

Казакстан менен Кыргызстандын премьер-министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын жүк ташуучулары үчүн Казакстан аркылуу үчүнчү өлкөгө жүк ташууларын жөнөкөйлөштүрүү макулдашылды. Бул жөнүндө өкмөттүн басма сөз кызматынын катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

"Жүк алып өтүү маселесин дыкат карадык. "Каркыра" өткөрүү бекети аркылуу унаа жана товарларды өткөзүү сүйлөшүлдү. Эмки жылы "Кичи-Капканы" ачабыз. Чолпон-Ата - Алмата жолунун курулушу боюнча дагы бир катар долбоорлор талкууланды", - деди Музаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, Казакстан Кыргызстандан барган оор жүк ташуучу унааларга бөгөт коюп, бир нече күн чек арасына киргизбей койгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД