Молдакун Абдылдаевдин уулунун денеси табылды

14-июлда саат 11:10 чамасында Жайыл районунун Арал айылынын аймагынан үй-бүлөсү менен бирге Көкөмерен суусуна кулаган Молдакун Абдылдаевдин уулунун денеси табылды.

Эске салсак, 30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бара жатканда Көкөмерен суусуна кулаган унаада 5 адам – Молдакун Абдылдаев, анын жубайы Шадыкнова Тинатин, уулу Илимбек Абдылдаев, небереси София Борукеева жана айдоочусу Бакыт Абдылдаев болгон.

Окуяга күбө болгондор, жолдо бараткан автоунаа жарга урунуп, Көкөмерен суусуна кулаганын айтышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД