Чет өлкөдөн келген педагогдор Ысык-Көлдө балдар чыгармачылыгын талкуулашат

Ысык-Көлдө "Билим берүүнү жаңылантуу фактору катары балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү жана колдоо" темасында Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Конференция республиканын Билим берүү жана илим инистрлигинин жана бул министрликке караштуу "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр республикалык борборунун "Ысык-Көл досторун чогултат" эл аралык этно-карнавалынын алкагында уюштурулган.

Бул иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасына дайындалган чет элдик элчилер, Россия, Казакстан, Польша, Литва, Турция, Өзбекстан, Белоруссия жана Кыргызстандын баардык облустарынан келген педагогдор жана илимий ишмерлер, министирликтердин, мекемелердин, эл аралык уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, балдарга жана жаштарга кошумча билим берүүчү педагогикалык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД