Ысык-Көлдө ижарага скутер алган казакстандык эс алуучу дайынсыз жоголду

Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Казакстандын жаранын издөө иштери улантылууда. Бул жөнүндө Ысык-Көл облусунун ИИБ басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 14-июль күнү болжол менен 21:30 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Казакстандын жараны, Алматы шаарынын 1966-жылы туулган тургуну С. Александр арыз менен кайрылган. Ал "Алтын-Көл" пансионатында чогуу эс алып жаткан 1966-жылы туулган досу Аркадий болжол менен саат 14:15 чамасында, Кара-Ой айылынын жанында көлдүн жээгиндеги "Алтын-Көл" эс алуу үйүнөн скутерди ижарага алып, көлдүн түштүк тарабына кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирген.

Ысык-Көл облусунун ИИБ ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, аталган жарандар Казакстандан Ысык-Көлдүн "Алтын-Көл" эс алуу үйүнө 13-июлда келишкенин аныкташкан. 14-июль күнү алар ижарага скутер алышкан. Аркадий дайынсыз жоголгондон кийин Александр жергиликтүү тургундар менен бирге 3-4 скутер алып издөөгө чыгышкан, бирок, катуу толкундан улам издөөнү токтотушкан. Мына ошондон кийин Казакстандын жараны райондук милицияга кайрылган.

Аталган факт Ысык-Көл районунун ИИБ маалыматтардын электрондук журналында катталган.

Учурда Ысык-Көл районунун ИИБ кызматкерлери ӨКМ аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге дайынсыз жоголгон Казакстандын жаранын издөө иштерин улантууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД